Эртең, 25-декабрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болорун Кыргызгидромет билдирет.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1 ... -6, күндүз +1 ... +6;
- Талас жергесинде түнкүсүн -4 ... -6, күндүз +4 ... +6;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0 ... -2, күндүз +3 ... +5;
- Нарын аймагында түнкүсүн -11 ... -16, күндүз -2 ... -4;
- Бишкек шаарында түнкүсүн -2 ... -4, күндүз +2 ... +4.