Бишкекте Борбор азиялык жаштар оркестринин жыйынтыктоочу концерти миландык композитор, дирижёр Жерардо Колелланын жетекчилиги алдында өтөт.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чара Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда 2014-жылдын 30-январында болот. Анда 13 жаштан 28 жашка чейинки Кыргызстандын, Тажикстандын, Казакстандын жаштары өз өнөрлөрүн тартуулашат. Каалоочулар үчүн эшик ачык.