Биз социалдык тармакта

Оренбург облусундагы жол кырсыгында үч кыргызстандык каза болду

Кечээ, 23-декабрда Орусиянын Оренбург облусунда жол-транспорт кырсыгынан улам Кыргызстандын үч жараны каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, каза болгондор 1977-жылы туулган Ж.Ж., 1997-жылы туулган Э.А. жана 2023-жылы туулган наристе. Андан тышкары эки кыргыз жараны оор жаракат алып, жергиликтүү медициналык мекемелерге жаткырылды.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги каза болгон жана жабыркагандардын туугандары менен байланыш түзүп, консулдук-укуктук жардам көрсөтүү иштерин жүргүзүүдө. Азыр каза болгондордун сөөгүн мекенине жеткирүү маселеси каралууда.

Министрлик Орусияга жолго чыгууну пландап жаткан кыргызстандыктарга аба ырайын эске алууга чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан