
Акыркы суткада өлкө ичинде 11 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу 25-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Берилген маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 2, Баткен облусунда 1, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 12 күжүрмөн эсеп тартылган.