Бүгүн, 25-декабрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Оор жүк ташуучу унааларга чектөө жок. Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп жатышат.
Транспорт министрлиги унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө жана жол эрежесин так сактоого чакырат.