Чүй облусуна караштуу "Ак-Тилек" чек ара ветеринардык көзөмөл өткөрүү жайында Түркиядан өлкөгө мыйзамсыз жол менен алынып келген 22 тонна балык жеми артка кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабарда Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптарынын сакталбагандыгы аныкталды.
"Натыйжада инспекторлор тарабынан жүктү артка кайтаруу боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, товар өлкө аймагына киргизилген жок. Жүк "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кайра Түркияга жөнөтүлдү",- деп жазылган маалыматта.