Биз социалдык тармакта

Уй этин уурдап... Чолпон-Атада ишкердин кол алдында иштеген бангладештик жаран изделүүдө

Ысык-Көл облустук милициясы 34 жаштагы киши кол алдында иштеген бангладештик жаранды унаасына салууга аракет кылган факт аныкталганын билдирди.
Маалыматка ылайык, чет өлкөлүк жаран анын Чолпон-Атадагы үйүндө жашап, кафесинде иштеп жүргөн. Бирок айлык акысын алгандан кийин анын үйүнөн 8 килограмм уй этин уурдап чыгып кеткен.
Ишкер аны Чырпыкты айылынан таап, жумушун аягына чейин аткаруусун талап кылып, унаасына салып үйүнө алып барууга аракет кылган. Бирок ал ага макул болбой, 8 килограмм уй этин кайтарып берип койгон. Ал чет өлкөлүктү ошол жерге таштап кеткен.
Бангладештин жараны Бишкек шаарын көздөй жол тосуп кеткен. Учурда чет өлкөлүктүн жүргөн жерин аныктоо иштери жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан