Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров сот тутуму адилетсиз судьялардан тазаланарын билдирди

Өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайда сот тутумунда реформалар жүрүп жатканын билдирди.

Мамлекет башчы соттордун айлыгы бир топ жогорулаганын белгилеп, аларды адилеттүү иштөөгө чакырды.

"Мамлекет өз ишин аткарып, кадамын жасады. Эми сот бийлиги элдин ишенимине татыктуу болууга тийиш. Коррупцияга, жашыруун келишимдерге, кысымдарга орун жок. Сот тармагында иштеген ар бир кызматкердин эсине салгым келет, адилет жана чынчыл кызмат кылгысы келбегендерди сот тутумуна эле эмес, бардык келечектүү иштерге аралашкыс кылып тазалайбыз",- деди Жапаров.

Президент мамлекет мындан ары да сот бийлигин чыңдоону улантарын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан