Биз социалдык тармакта

"Дотациядан чыгууга тийишсиңер!" Президент жергиликтүү бийлик жетекчилерине кайрылды

Өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайда ар бир аймак өнүгүүгө тийиш экенин баса белгиледи. Президент жергиликтүү бийлик жетекчилерине кайрылып, аларды натыйжа көрсөтүүгө чакырды.

"Бөлүнгөн каражаттын келечегин ойлоңуздар. Ар бир аймак жыйынтык көрсөтүүгө, өз алдынча күчтөнүүгө жана акырындап дотациядан чыгууга тийишсиңер! Социалдык долбоорлорго жумшалган ар бир тыйын элге реалдуу пайда алып келиши зарыл",- деди ал.

Мамлекет башчысы ошондой эле айрым аймактарга көп, айрымдарына аз көңүл бөлүнүп жатат деген кептер жалган экенин айтып, бул өлкөнү бөлүп-жаргысы келгендердин ушагы экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан