Өлкөдө алты айдын ичинде "Бирдиктүү терезе" системи аркылуу 26 миңден ашуун документ берилген. Бул тууралуу 25-декабрда Мамлекеттик бажы кызматынан маалымдашты.
Мекемеден билдиришкендей, 2025-жылы бажылык башкарууну реформалоонун алкагында "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасы Мамлекеттик бажы кызматына өткөрүлүп берилген. Бул "Бирдиктүү терезе" системинин бажы процесстери менен интеграциясын күчөтүүгө жана бизнестин мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүн жөнөкөйлөттүүгө мүмкүндүк берди.
"Буга байланыштуу 2024-жылдын алты айында систем аркылуу 7,5 миңге жакын уруксат документтери берилсе, 2025-жылдын алты айында (апрель-сентябрь) 26 миңден ашык уруксат берүүчү документ берилген, бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 346 пайызга көп. Тейлеген ишкерлердин саны 34,8 пайызга, ал эми киреше бөлүгү 17 пайызга өстү",- деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, "Бирдиктүү терезе" системинин өнүгүшү тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары үчүн жол-жоболорду тездетет, ачык-айкын жана ыңгайлуу кылат.