Өлкөдөгү диний билим берүү уюмдарынын көбүнүн сапаты төмөн. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайда билдирди.
Мамлекет башчы диний окуу жайларда салттуу диний баалуулуктар бирдей окутулбастыгын белгилеп, ошондуктан мындай окуу жайларды борборлоштуруу, бирдей стандартты иштеп чыгуу маселеси жаралганын айтты.
Президент ошондой эле дин тутуу мыйзамынын кабыл алынышы диний сабаттуулукту арттырууга, коомчулукта дин жаатындагы бөлүнүп-жарылууну алдын алууга багытталганын кошумчалады.