Биз социалдык тармакта

Президент: "Ажырашуулардын көбөйүшү мамлекет үчүн чоң коңгуроо" 

Өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайда ажырашуулардын көбөйүшү мамлекет үчүн чоң коңгуроо экенин айтты.

Президент буга бүгүнтөн баштап көңүл бурулбаса, эртең өлкө социалдык, экономикалык жана демографиялык оор кесепеттерге дуушар болорун билдирип, үй-бүлө институтун бекемдөө мамлекеттин негизи иштеринин бири болууга тийиш экенин белгиледи.

"Былтыр өлкөдө 45 321 нике катталып, ошол эле кезде 13 397 үй-бүлө ажырашыптыр. Ажырашуунун санын 2023-жылга салыштырганда 5,8 пайызга көбөйүптүр. Демек, ар бир үчүнчү нике ажырашуу менен аяктоодо",- деди Жапаров.

Мамлекет башчы ажырашуу көйгөйүн изилдеп чыгуу жана алдын алуу үчүн тиешелүү тапшырмалар берилгенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан