Бишкек шаарында мурунку жолдошу атып өлтүргөн аялдын балдарына жана туугандарына психологиялык жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Акыйкатчы институту кабарлады.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева аталган окуяны трагедия катары баалап, укук коргоо органдарын үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кайрылууларга ыкчам чара көрүүгө чакырган.
"Өзүнүн туулган күнүндө үч баланын энеси атып өлтүрүлдү. Бул кайгылуу окуя биздин өлкөдө аялдар менен кыз-келиндер бүгүнкү күнгө чейин жетиштүү деңгээлде коргоого алынбай жатканын дагы бир жолу далилдеди. Алар тиран күйөөлөрүнөн убагында кете албай калышууда. Кылмышка күнөөлүүлөр мыйзам боюнча катаал жазасын алышы керек",- деген Жаманбаева өз сөзүндө.
Институттун маалыматына караганда, каза болгон аял 2025-жылдын ноябрь айында үй-бүлөлүк зомбулук боюнча укук коргоо органдарына арыз жазган. Маркум ажырашуу боюнча сотко дагы кайрылган.
Айта кетсек, 23-декабрда саат 21:40 чамасында Бөкөнбаев көчөсүндөгү батирлердин биринде каргашалуу окуя катталды.