Бүгүн, 25-декабрда саат 11:43тө Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан маалымдашты.
Жер титирөөнүн очогу Алай тоо кыркасында, Кара-Тейит айылынан 40 чакырым түндүк-батышта жана Баткен шаарынан 70 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Калктуу конуштарда жер силкинүү сезилген жок. Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат түшкөн эмес.