Биз социалдык тармакта

Кара-Суудан келген делегат шайлоодогу аялдардын квотасын алып салууну сунуштады 

Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайда Ош облусунун Кара-Суу районунан келген делегат Абдимомун уулу Белекбек шайлоодогу аялдардын квотасын алып салууну сунуш кылды.

Анын айтымында, көп добуш алган эркек талапкерлер аялдарга бөлүнгөн квотадан улам шайлоодо жеңишке жетпей калышууда.

"Шайлоодо аялдардын квотасын алып койсо кандай болот? Себеби 8-10 миң добуш алган эркек талапкер, 2-3 миң добуш алган аял талапкерге утулуп калууда. Бул элдин шайлоого болгон кызыгуусун дагы жоготуп жатат",- деди делегат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан