Бүгүн, 25-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Гүлзат Исаматованы илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.
Эл өкүлдөрүнө талапкерди президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.
Жыйынтыгында депутаттар макулдук беришип, Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.