Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайда Чүй облусунун Кемин районунан келген делегат Дастан Токонов аталган райондогу оорукана маселесин көтөрдү.
"Кемин районунда 4 оорукана бар, бирок алардын баары толук кандуу иштебейт. Андыктан жардам бериңиздер",- деди ал.