Биз социалдык тармакта

Айдоочулук күбөлүккө керектелген медициналык 083 маалымкатын алгандардын саны өстү

Айдоочулук күбөлүк алуу же алмаштыруу үчүн зарыл болгон 083 формадагы медициналык маалымкатты алуучулардын саны кескин өстү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Министрлик жарандарды медициналык уюмдардагы убактылуу жогорулаган жүккө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.
"Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун жетекчилеринин маалыматына ылайык, акыркы апталарда жарандардын дал ушул 083 формадагы медициналык маалымкат боюнча кайрылуулары кескин көбөйгөн. Мурда мындай маалымкат алуу үчүн күнүнө орто эсеп менен 15-20 адам кайрылса, учурда кайрылуулар кыйла өсүп, айрым медициналык уюмдарда кезектердин жаралышына алып келди", - деп билдирет министрлик.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан