Жаңы жылдык майрамдык эс алуу күндөрү 12-январга чейин узартылды. Ошол эле учурда эс алуу күндөрүнүн ордун толтуруу үчүн эки иш күнү башка даталарга жылдырылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдирди.
Тактап айтканда:
2026-жылдын 7-февралындагы дем алыш күнү 8-январдагы иш күнүнүн ордуна иштелет;
2026-жылдын 25-апрелиндеги дем алыш күнү 9-январдагы иш күнүнүн ордуна белгиленди.
Тиешелүү чечим эс алуу жана иш күндөрүнүн балансын сактоо максатында кабыл алынды.