Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын балет группасынын Испанияга алгачкы гастролдору ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Мадиният министрлиги билдирди.
8–23-декабрь күндөрү Сарагоса, Кальпе, Риба-Роха-де-Эбро, Шатива, Аликанте, Ла-Нусия жана Гандия шаарларынын тургундары кыргыз балетинин жогорку деңгээлдеги хореографиялык өнөрүнө күбө болуп, артисттерди жылуу кабыл алышты.
Гастролдук программанын алкагында испаниялык көрүүчүлөр «Аккуу көлү», «Щелкунчик» (П. Чайковский) «Дон Кихот» (Л. Минкус) чыгармаларына күбө болушту.
Гастролдорго кыргыз балетинин 45 артисти катышып, аларды Кыргыз Республикасынын Эл артисти, театрдын башкы директору Муратбек Бегалиев жана Кыргыз Республикасынын Эл артисти, башкы балетмейстер Айзада Тумакова жетектешти.