Бишкекте 26-декабрда өтүп жаткан Элдик курултайда мигранттар үчүн Мамлекеттик ипотекалык компаниядан батир алууда жеңилдиктерди берүүнү сунушталды.
Курултайга катышуу үчүн Италиядан келгенин айткан делегат Салима Рыспаева МИКтен мигранттар үчүн атайын статус карап берүүнү өтүндү.
"Мигрант чет өлкөгө үй-бүлөсүн таштап, турак жай алайын деген максат менен чыгышат. Мындан улам балдар ата-эне мээримин көрбөй өсүп калышууда. МИКтен өзгөчө статус бөлүп берилсе, кезекти алдыга жылдырып, баштапкы төлөмсүз батир берилсе мигранттар үй-бүлөлөрүнө, мекенине эрте кайтат эле",- деди делегат.