Мектепке кар жиреп барганы үчүн президенттен белек алган Нурзаманды айылдаштары жылуу тосуп алышты.
Социалдык тармактарга тараган видеодон классташтары колдоруна букет кармап, өзгөчө маанайда тосуп алышкандарын көрүүгө болот. Ал эми Нурзаман өлкө башчы Садыр Жапаров берген белектерин колуна кармап алган.
Нурзаман Алмазбеков Кара-Кулжа районунун Коо-Чаты айылындагы Айдың-Көл башталгыч мектебинин 4-классынын окуучусу. Ал кар жиреп мектепке барганы үчүн президенттик балатыга чакырылып, президент Садыр Жапаровдун жеке кабыл алуусунда болгон.