Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында мамлекеттик сатып алуулардагы мыйзам бузууларга жол берилгени аныкталды. Бул тууралуу 26-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Берилген маалыматка ылайык, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында мамлекеттик сатып алуулар багытында текшерүү жүргүзүлгөн.
Текшерүүдө аталган кызматтын жооптуу кызмат адамдары камактагы айыпталуучуларды балык менен камсыз кылуу максатында тоңдурулган балыктарды жогору баа менен сатып алышкан.
Натыйжада мамлекетке 15 миллион 900 миң сом зыян келтирилгени аныкталган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.