Биз социалдык тармакта

Жо Байден үй-бүлөсү менен түшкөн жаңы жылдык сүрөтүн бөлүштү 

АКШнын мурдагы президенти Жо Байден үй-бүлөсү менен түшкөн жаңы жылдык сүрөтүн бөлүштү. Мындай сүрөттү Байден өзү Х социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн.

Аталган сүрөттө жалпы сегиз адам тартылган. Анда мурунку президенттин жубайы Жилл Байден, баласы Хантер Байден жана кызы, келини, неберелери тартылган. Бирок сүрөттө Байден толук көрүнгөн эмес, анын бетин жана денесинин көпчүлүк бөлүгүн жубайы жаап калган.

Белгилей кетсек, буга чейин чет элдик басылмалар Жо Байдендин ден соолугу начарлаганы тууралуу жазышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан