Элдик курултайга Токтогул районунан келген өкүл Рамис Сагынбаев Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна байланыштуу райондогу Толук, Сары-Камыш, Элмирбек Иманалиев айылдарына өзгөчө аймак макамын берүүнү суранды.
Айтымында, ГЭС курууга байланыштуу аталган айылдардын 8 миң гектар аянты суу алдында калат.
"ГЭСтин курулушуна байланыштуу Толук, Сары-Камыш, Элмирбек Иманалиев айылдарынын 8 миң гектар жери суу алдында калат. Буга байланыштуу аталган айылдарга өзгөчө макам берүүнү сурабыз",- деди делегат.
Ошондой эле ал Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын Чоргочу, Ничке-Сай айылдарында бала бакча имаратын куруу зарылдыгын белгиледи.