Бишкектин Көк-Жар айылындагы турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Министрлик тилсиз жоону өчүрүүгө 4 күжүрмөн эсеп тартылып, саат 11:40та чектөөгө алынганын белгиледи. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.
Бактыга жараша жабыркагандар болгон эмес.