Биз социалдык тармакта

Чүйдө бейбаштык: Үч шектүү кармалды

Чүй облусунда бейбаштыкка шектелип үч шектүү кармалды. Бул тууралуу 26-декабрда облустун ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-декабрь күнү Кайыңды шаарында жайгашкан "Легаси" автомойкасынын жанындагы аймакта белгисиз адамдар жергиликтүү тургун М.Т. жана анын туугандары М.А. , М.Т.га эч кандай себепсиз физикалык зомбулук көрсөткөн. Окуядан кийин шектүүлөр качып кетишкен.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү адамдар 1991-жылы туулган С.Т., 1996-жылы туулган Ж.Н. жана 1997-жылы туулган Т.А. аныкталган. Алар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан