Бүгүн, 26-декабрь саат 13:00дөн тарта Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу Сосновка постунан оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан кар тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштерип жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле, министрлик тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаанын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштыруу менен керектүү шаймандарды ала жүрүүнү эскертет.