Бишкекте жол эрежесин ондоно бузуп, унааны каршы тилкеге чыгып айдаган айдоочу кармалды. Бул тууралуу ЖКККБнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, буга чейин социалдык тармактарда эреже бузуп айдаган Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү унаанын айдоочусунун видеосу тараган.
Кайгуул кызматы аталган айдоочунун өздүгү такталганын, мыйзам чегинде чара көрүлгөнүн маалымдады.