
2025-жылдын III кварталы боюнча 492 бала камкордукка берилсе, 370 бала улуттук асыроого өткөрүлдү, дагы 2 бала чет өлкөлүк жарандар тарабынан асырап алынды. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Эмгек министрлиги билдирди.
"Балдарды кабыл алган бардык үй-бүлөлөр милдеттүү түрдө каттоодон өтүп, камкордук органдарынын туруктуу көзөмөлүндө турат. Бул балдардын тийиштүү камкордугу, тарбиясы жана укуктарынын корголушу камсыздалышын шарттайт", - деп белгиленген маалыматта.
Балдарды асырап алуу жана камкордукка берүү Кыргызстандын балдар жөнүндө мыйзамдары, ошондой эле балдарды өлкө жарандарга жана чет өлкөлүк жарандарга өткөрүп берүү тууралуу жоболор менен жөнгө салынат.