Башкы прокуратура Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматындагы 16 миллион сомго жакын мамлекеттик бюджетке зыян келтирген фактыны аныктады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, текшерүүдө кызматкерлер 2025-жылы камактагыларга балык сатып алуу иштеринде мыйзам бузушкан. Тоңдурулган балыктар ашыкча баада сатып алынгандыктан, мамлекетке 15,9 миллион сом зыян келген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши ачылып, учурда тергөө жүрүп жатат.