Биз социалдык тармакта

Чүйдө аялынын кесиптешин сабаган жаран кармалды

Чүй облусунда ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда облустук милициядан кабарлашты.
Маалым болгондой, 18-декабрда Сокулук райондук милициясына Бишкек шаарынын 2000-жылы туулган Ч.А. аттуу тургуну арыз менен кайрылды. Анда ал ошол эле күнү болжол менен саат 11:00 чамасында Сокулук районунда жайгашкан медициналык клиникасынын короосунда кесиптешинин жолдошу М.Н. аттуу жаран эч кандай себепсиз аны ур-токмокко алып, денесине оор залал келтиргендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранды.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130 берене (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголуп. Натыйжада 1991-жылы туулган М.Н. аттуу жаран аталган кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иштери улантылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан