Биз социалдык тармакта

Кыргыз келини Люси катышкан клип жарык көрдү (видео)

Ырчы Нурайым Акылбекова жакында эле Кыргызстанга келин болуп келген африкалык Люси менен тарткан клиби жарык көрдү. Бул тууралуу ырчы айым өзү социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.

Клипте анын жаңы келин болуп келгени, баланын ата-энесине кызмат кылып жатканы сүрөттөлөт.

Белгилүү болгондой, Марат Ниязмат уулу жакында сүйүктүүсү Люсини Кыргыстанга алып келип, ата-энеси менен тааныштырган. Анда африкалык кызга ак жоолук дагы салышкан.

Ал буга чейин порталыбызга Африкага болгон саякаты, жеке жашоосу тууралуу маек берген. Анда Марат мырза Люси аттуу бийкеч менен Занзибарда таанышып, сүйлөшүп жүрүшкөнүн, мамилелери келишсе аны Кыргызстанга алып келери тууралуу айткан.

Африкадан кыргыз үй-бүлөгө келин болуп келген Люси катышкан клип жарык көрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан