Биз социалдык тармакта

Өлкөдө 114 фостердик үй-бүлөдө 250 бала тарбияланууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанда фостердик үй-бүлөлөр системасын өнүктүрүүнү улантууда. Фостердик ата-эне болууга талапкерлерди даярдоо жана мындай үй-бүлөлөрдө балдарды багып-кармоо үчүн жыл сайын бюджеттик каражаттар каралат.
Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүнкү күндө 114 фостердик үй-бүлө иштеп, анда 250 бала тарбияланууда. Ошондой эле фостердик ата-эне болууга 31 талапкер каттоодон өткөн. 2014-жылдан бери 400дөн ашык бала фостердик үй-бүлөлөрдүн кызматынан пайдаланды.
Фостердик үй-бүлөлөрдүн кызматтарын көрсөтүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-декабрындагы №622 токтому менен жөнгө салынат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан