Кара-Балта шаарында жол тескөөчүлөр кош бойлуу айымга ыкчам жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалымдалгандай, 2 күн мурун, тагыраагы, 26-декабрда жол тескөөчүлөргө эки аял кайрылган. Алардын бири кош бойлуу болуп, төрөт убактысы жакындап калганын билдиришкен.
Аялдын абалы шашылыш медициналык жардамды талап кылгандыктан, Жол кайгуул кызматынын өкүлдөрү кош бойлуу айымды кызматтык унаа менен Бишкек шаарындагы №6 төрөт үйүнө жеткиришкен.