Юрист Шердор Абдыкапаров президент менен фотошоп жасаган блогер кызга 5500 сом айып пул салынганын билдирди.
Ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жасаган кайрылуусунда фотошоп боюнча Бишкек шаардык милициясына кайрылганын белгиледи.
"Шаардык милиция реакция жасап, блогер кыз Октябрь райондук сотуна алынып барылды. Ага сот тарабынан айып пул салынды", - деди ал.