Ташиев China Road компаниясынын өкүлдөрүнө кыргыз тилин үйрөнүүнү тапшырды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 27-декабрда Ысы-Көлдүн түштүк тарабындагы унаа жолдун курулушу боюнча жыйын өткөрдү.

Анда Ташиев Барскоон–Каракол унаа жолунун курулушун жүргүзүп жаткан China Road компаниясынын өкүлдөрүнө кайсы тилде сүйлөөнү сурады. Алар орус тилинде кайрылууну өтүнүштү.

"Эмнеге кыргыз тилин дагы деле үйрөнө элексиңер? China Road канча жылдан бери Кыргызстанда иштейт? 20 жылдан бери иштейсиңер, анан кыргыз тилин үйрөнө элексиңер. Үйрөнгүлө!" - деди атайын кызматтын башчысы.

Ташиев China Road компаниясынын өкүлдөрүнө кыргыз тилин үйрөнүүнү тапшырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан