Бүгүн, 28-декабрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев "Боорукердик" социалдык мекемесине барып, балдардан жана карыялардан кабар алды. Бул тууралуу шаар башкармалыгы маалымдады.
Калаа башчысына аксакалдардын бири кызматтык унаага муктаждык курч экенин билдирди. Мындагы карыяларды оорукана сыяктуу жайларга ташууда кыйынчылык болорун айтып, унаа белек кылууну суранды. Токторбаев аксакалдын өтүнүчүн эске алуу менен жаңы жылда унаа белек кылууну убадалады.