Бүгүн, 29-декабрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда жол ачык, каттам бар.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, оор жүк ташуучу унааларга чектөө жок. Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп жатышат.
Министрлик унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө жана жол эрежесин так сактоого чакырат.