Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Жаңы жылга карата 8 балалуу энеге үй белек кылды. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган эне көп жылдан бери мектепте пол жууп иштеп келген. Калаа башчысы буга чейин мектептеги оңдоп-түзөө иштеринен кабар алуу учурунда көп балалуу эненин абалы менен таанышып, ага жардам берерин убадалаган.
"Турак жай толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, жашоого бардык шарттары бар. Калаа башчысы мындан тышкары, үй тиричилигине керектүү эмеректерди жана муздаткыч, газ плитасы, аристон, сыналгы дагы алып берди",- деп билдирди мэрия.
Токторбаев 8 балалуу эне Роза Абдыкарованы жаңы конушу менен куттуктап, балдарына жана үйүнө келген конокторуна белек тапшырган.