Мексиканын Охака штатындагы Нисанда калктуу конушунун жанында 28-декабрда поезд рельстен чыгып, кырсыкка кабылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалара жазып чыгышты.
"Аскер-деңиз күчтөрүнүн министри поезд кырсыгынан улам 13 адам каза болуп, 98 киши жаракат алганын, алардын бешөөсүнүн абалы оор экенин маалымдады",- деп жазды өлкө президенти Клаудия Шейнбум X социалдык тармагына.
Жабыркагандар Матиас-Ромеро, Салина-Крус, Хучитан жана Икстепак шаарларындагы медициналык мекемелерге жеткирилишти.
Поездде жалпысынан 241 жүргүнчү жана 9 экипаж мүчөсү болгон.
Окуя болгон жерге Аскер-деңиз күчтөрүнүн министри Раймундо Педро Моралес Анхелес жөнөтүлүп, кырсыктын себептери иликтенүүдө.