Дене тарбия жана спорт агенттиги 2025-жылды жыйынтыктап жатып, жыл мыктыларын аныктады. Маалым болгондой сыйлоо аземи, 28-декабрда өттү.
Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча номинациялардын жеңүүчүлөрү:
- Мыкты спортчу - мушкер Омар Ливаза;
- Мыкты спортчу айым - балбан Айпери Медет кызы;
- Эркектер арасында жыл жаңырыгы - сууда сүзүүчү Денис Петрашов;
- Айымдар арасында жыл жаңырыгы - көркөрм гимнаст Злата Аркатова;
- Жылдын меценаты - Айбек Монолов;
- Жылдын мыкты машыктыруучусу - Азат Мирахимов.
Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча номинациялардын жеңүүчүлөрү:
- Мыкты спортчу – самбочу Бекболот Токтогонов;
- Мыкты спортчу айым – мас-рестлинг Дильбара Иманканова;
- Айымдар арасында жыл жаңырыгы – каратэчи Бегимай Орозалиева;
- Жылдын меценаты – Талант Жайчыбеков
- Жылдын мыкты машыктыруучусу – Азамат Казакбаев.