Дене тарбия жана спорт агенттиги 2025-жылды жыйынтыктап жатып, жыл мыктыларын аныктады. Анда спортчу Айпери Медет кызы "Жылдын мыкты спортчу айымы" деп тандалды.
Маалым болгондой, иш-чара аталган агенттиктин демилгеси менен кечээ, 28-декабрда өттү.
Белгилей кетсек, буга чейин Айпери Медет кызы Бириккен күрөш дүйнөсүнүн жылды жыйынтыктап жатып чыгарган рейтингинде кыз-келиндер арасында биринчи сапка чыккан.