Ала-Тоо аянтындагы "Түндүк жарыгы" жарманкесинде от жагууга тыюу салынды.
Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экология жана техникалык көзөмөл кызматы маалымдагандай, рейд учурунда Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында мыйзамсыз уюштурулган от жагуу фактысы катталып, тиешелүү чаралар көрүлдү. Аталган мыйзам бузуу үчүн Укук бузуулар кодексинин 230-беренесинин негизинде күнөөлүү тарапка 28 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.