Борбордук Африка Республикасында президенттик, парламенттик, аймактык жана муниципалдык деңгээлдеги жалпы шайлоолор болуп өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, шайлоодо азыркы мамлекет башчысы Фостен-Арканж Туадера алдыда келе жатат. Ал 2016-жылдан бери өлкө президенти болуп иштеп келет жана бул жолу үчүнчү мөөнөткө талапкерлигин койгон.
Президенттикке оппозиция өкүлдөрү Анисе-Жорж Дологуэле жана Анри-Мари Дондра да ат салышууда. Дологуэле буга чейин 1999–2001-жылдары, ал эми Дондра 2021–2022-жылдары премьер-министр кызматын аркалаган. Серепчилердин баамында, Туадеранын негизги атаандашы катары Дологуэле көрсөтүлүүдө.
Өлкөдө жалпы 5,5 миллион калк жашаса, алардын болжол менен 2,4 миллиону добуш берүү укугуна ээ.
Өлкөдөгү кырдаал 2013-жылдан бери өкмөттүк күчтөр менен куралдуу топтордун ортосундагы жаңжалдардан улам курч бойдон калууда. Буга байланыштуу президент Туадера шайлоо алдында жарандарды туруктуулукка жана мамлекеттик институттарды бекемдөөгө чакырган.