Курулуш министрлиги жаңы жылдык балатыны өзгөчө жасады

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги кыштан атайын курулуш балатысы жасалганын билдирди.
Маалымдалгандай, жаңы жылдык балаты 800 даана кыштан тургузулуп, бийиктиги 2 метрге жетет. Бул балаты курулуш тармагында эмгектенген адистердин чыгармачылык жөндөмүн, ынтымагын жана майрамдык маанайын чагылдырат.
"Курулуш тармагы - бул сапаттуу объекттерди куруу менен гана чектелбестен, чыгармачылыкты, командалык ишти жана коомдук баалуулуктарды да камтыган тармак. Жаңы 2026-жылга саналуу гана күндөр калууда. Министрлик бардык жарандарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап тынчтык, бакубат жашоо жана ийгиликтерди каалайт",- деп айтылат маалыматта.
Курулуш министрлиги жаңы жылдык балатыны өзгөчө жасады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан