Өлкө үчүн быйылкы жылдын ийгиликтүү көрсөткүчтөрү айтылды

Министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев президенттин администрациясынын кызматкерлеринин жалпы жыйынында 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарды.

Өкмөттүн маалымат кызматы кабаралагандай, Касымалиев Кыргызстандын ички дүң продуктусунун өсүшү 10 пайыздан ашып, өлкө экономикалык өсүү темпи боюнча дүйнөлүк лидерлердин катарына киргенин баса белгилеген.

Ошондой эле жыйында 2025-жылдагы ийгиликтер катары төмөнкүлөр белгиленген:

  • өлкөнүн ИДПсы 1,8 триллион сомго жетти;
  • консолидацияланган бюджет биринчи жолу 1 триллион сомдон ашты;
  • республикалык бюджет 34,3 миллиард сом профицит менен аяктады;
  • биринчи жолу өнүктүрүүгө кеткен чыгымдар социалдык чыгымдардан ашты;
  • 341 инфраструктуралык объект ишке киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан