Министрлер кабинети менен Таиланд өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык жана кызматтык расмий паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим жөнүндө макулдашуу 2026-жылдын 2-январында күчүнө кирет. Бул тууралуу 29-декабрда Тышкы иштери министрлиги маалымдайт.
Бул макулдашууга 2024-жылдын 27-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган.
Ага ылайык, эки өлкөнүн дипломатиялык жана кызматтык паспортторунун ээлери 180 күндөн ашпаган мөөнөткө эки өлкөнүн аймактарына кирүүдө, андан чыгууда жана убактылуу болууга визалык талаптардан бошотулат.
Бул чечим Кыргызстан менен Таиланддын ортосундагы кызматташтык мамилени чыңдоого багытталган.