Түптө прокуратуранын жаңы имараты ачылды (сүрөт)

Бүгүн, 29-декабрда Ысык-Көл облусунда Түп районунун прокуратурасынын жаңы административдик имараты салтанаттуу түрдө ачылды. Ага башкы прокурор Максат Асаналиев катышты.
Башкы прокурор жаңы имараттын пайдаланууга берилиши аймактагы прокуратура органдарынын ишинин уюштурулушун жакшыртууга, жарандардын укуктук кайрылууларын ыкчам жана натыйжалуу кароого, ошондой эле кызматтык ишмердүүлүктү жогорулатууга өбөлгө болорун белгиледи.
Белгилей кетсек, Түп районунун прокуратурасынын кызматкерлери буга чейин 1970-жылы сактоо кассасы катары курулган, эксплуатациялык мөөнөтү өткөн имаратта иш жүргүзүп келишкен. Жаңы административдик имараттын курулушу ушул жылдын июль айында башталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан