Биз социалдык тармакта

Нарында үрөй учурган жол кырсыгы катталып, айдоочулар нааразычылыгын билдиришти (видео)

27-декабрда Нарын облусунун Жумгал районунда үрөй учурган жол кырсыгы катталып, анын видеосу интернет желесине тарады.

Каргашалуу окуя Байзак айылы менен Чаектин ортосунда орун алды. Анда оор жүк ташуучу унаа жеңил унааны жараксыз абалга кептегенин көрүүгө болот. Күбөлөрдүн айтымында, жеңил унаада төрт жүргүнчү болгон. Жерине "Тез жардам" кызматы, ӨКМдин куткаруучулары барган. Ошондой эле сапарга аттангандар түшүп жардам беришти.

Ал эми айдоочулардын айтымында, кар жаагандан бери жол толук тазаланбай, муз болуп, анын кесепети дал ушундай каргашалуу окуяларга себеп болууда.

Нарында үрөй учурган жол кырсыгы катталып, айдоочулар нааразычылыгын билдирди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан